Мураскер даярдабаган Кулматов мэриянын учурдагы командасын сактап калууну өтүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Кулматов маалымат жыйыны учурнда.
Кубанычбек Кулматов маалымат жыйыны учурнда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия менен шаардык кеңештин ортосундагы каршылашуу токтоду. Муну менен бирге мэрия кызматкерлеринин нааразылыгына да чекит коюлду.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов өзүнө мураскер даярдаган эмес. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Шейшемби күнү Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мэриянын маалымат кызматы шаар башчынын башка ишке которулуп жатканына байланыштуу жумуштан кетип жатканын айткан. Учурда мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткарып жатат.

"Бул кызматка шайлоо жолу менен дайындалгандыктан мураскер даярдоо жөнүндө айтууга болбойт", — деди Кулматов.

Ал иштөөгө даяр мэриянын учурдагы командасын сактап калуу зарыл экенин белгиледи.

"Алгачкы убактарда кызматкерлер тарабынан нааразычылык катуу сезилчү. Шаардык кеңеш менен да ошондой кырдаал болчу. Азыр май көл-сүт көлдүн үстүндөбүз деп айта албайм, бирок кадимки иш тартибиндеги мамиле түзө алдык деп ойлойм", — деди экс-мэр.

Кулматов өзүнүн отставкасын үй-бүлөлүк шартка байланыштуу чет өлкөгө чыгуу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун маалымат жыйынынан түз алып берүүнү Sputnik сайтынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0