Акыйкатчы Оторбаев мектептердеги зордук-зомбулук менен алышмай болду

© пресс-служба Жогорку Кенеша КРАкыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив
Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубат Оторбаев билим берүү жана илим министри менен жолугуп, мектептердеги абалды талкуулады.

БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. Мектептердеги зордук-зомбулукка каршы кескин чаралар көрүлүш керек. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев билим берүү жана илим министри Элвира Сариева менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

Солдаты Национальной гвардии на отдыхе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы институтунда аскер кызматкерлеринин укугун коргогон бөлүм ачылат
Акыйкатчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, жолугушууда мектеп рэкетчилигин жоюу маселеси каралып, "Зордук-зомбулуксуз мектеп" долбоорунун ишке ашырылышы талкууланды.

Сариеванын айтымында, учурда министрлик бардык мектеп жана бала бакчаларда видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча долбоор иштелип чыгууда. Бул өз кезегинде рэкетчилик менен туура эмес жүрүм-турумду өз маалында аныктоого жардам бермекчи.

Акыйкатчы институту тарабынан 2011-жылы демилгенленген "Зордук-зомбулуксуз мектеп" долбоору былтыр аяктап, республиканын 38 мектебин камтыган. 

Эки тарап мындан ары да балдардын укугун коргоо жана жеткиликтүү билим алуусу боюнча тыгыз кызматташууга макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0