Мандатынан ажыраган Урмат Ишенбеков БШКнын токтомун колуна алгандан кийин чара көрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутатынын жумуш орду. Архив
Жогорку Кеңештин депутатынын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген Урмат Ишенбековду мандатынан ажыраткан.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүгүн депутаттык мандаттан ажыратылган Урмат Ишенбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун колуна алып, ал менен таанышкандан кийин тийиштүү чараларды көрө турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Мандатынан ажыраган депутаттардын ордуна келген эл өкүлдөрү ант беришти
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Урмат Ишенбеков мандатынан ажыратты. БШКдан билдиришкендей, мындай чечим "Кыргызстан" фракциясынан келген чечимдин негизинде кабыл алынган.

БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Ишенбековду мандатынан ажыратуу процесси өзүнүн жана фракция жетекчисинин суранычы менен кийинкиге калтырганын билдирген. Алар маселени өз ара чечип алышы керек болчу. 

Өз кезегинде Ишенбеков фракция лидери менен чечишип ала турчу деле маселеси жок экенин айтат.

"Менин чечишчү деле маселем жок эле", — деди ал.

Белгилей кетсек, буга "Кыргызстан" саясый партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенамановалар БШКнын чечими менен мандатынан ажыратылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0