Буга чейин сот жообуна тартылган Кочкордун акими кызматынан бошотулду

© flickr.com / dahonКийим илгич. Архив
Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын мыйзамына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран акимдик кызматты ээлей албайт. Мында анын жаза мөөнөтү аяктаганы же жоопкерчилиги жоюлганы эсепке алынбайт.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде премьер-министрдин буйругу менен Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков ээлеген кызматынан бошотулганын аталган мекеме билдирди.

Мужчина кладет бумаги в портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Баткен шаарынын мэри кызматтан кетти
Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан Жусупбековдун эки жолу сот жообуна тартылганы аныкталган. 

Ал эми Кыргызстандын мыйзамына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран акимдик кызматты ээлей албайт. Мында анын жаза мөөнөтү аяктаганы же жоопкерчилиги жоюлганы эсепке алынбайт.

Бул боюнча Башкы прокуратура премьер-министрдин дарегине сунуш жөнөтүп, анын негизинде аталган райондун жетекчиси кызматынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0