Башкы прокуратура: Жолдубаева кызматтан кетпейт

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовБашкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив
Башкы прокурор Индира Джолдубаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКда башкы прокурордун ээлеген кызматынан кете тургандыгы тууралуу маалымат тараган. Мекеме Жолдубаева кадимки режимде иштеп, отставка боюнча эч сөз болбогонун билдирди.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы мекеменин жетекчиси Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсү тууралуу маалыматты четке какты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары башкы прокурордун отставкага кете турганын жазып чыгышкан.

"Маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүн да, бир ай мурун да мындай пландар тууралуу сөз болгон эмес", — дешти маалымат кызматтан.

Мекеме Жолдубаева менен байланышууга мүмкүн болгон жок деген божомол да чындыктан алыс экенин кошумчалайт.

Башкы прокурор кадимки режимде иш алып барып, Transparency International уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча рейтинг маалыматына түшүндүрмө бергени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0