Премьер Сариев Баткенге барып, чек арага жакын жолдордун курулушу менен таанышат

Жазылуу
Өкмөт башчысы облустун экономикалык көрсөткүчтөрү, чек арадан тарта бир топ маселелер талкууланган коллегияга катышат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Баткен облусуна барып, Тажикстан менен чектешкен аймактагы автожолдун курулушу менен таанышат. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

"Премьер-министр Аксай айыл аймагындагы Көк-Таш — Аксай — Тамдык, андан кийин Аксай-Рават автожолдорунун курулушу менен таанышат", — деп билдирди Асанов. 

Ал өкмөт башчысы Баткен облусунун жылдын жыйынтыктаган коллегиясына катышаарын кошумчалады.

Анда аймактын экономикалык көрсөткүчтөрү, чек арадан тарта бир топ маселелери талкууланмакчы.

Премьер Бишкекке кайра бүгүн эле учуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0