Тышкы иштер министринин орун басарлары дипломатиялык рангга ээ болушту

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык ранг — бул тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө берилүүчү класстык чин.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министринин эки орун басарына, статс-катчыга, жана Кытайдагы элчиге Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык ранг берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  

ТИМ: ГЭС боюнча Россия менен макулдашууну денонсациялоонун саясий себеби жок
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, статс-катчы Данияр Сыдыков жана орун басары Эмил Кайкиевге Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык ранг ыйгарылды. 

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгуловага дагы дипломатиялык ранг берилгени маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0