Быйыл Кыргызстанга 50дөн ашуун президент, премьер-министр жана ТИМ башчылары келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы Кыргызстан бир катар интеграциялык уюмдарга төрагалык кылат. Мындан улам өлкөдө бир нече эл аралык ири иш-чаралардын өтүшү пландаштырылган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанга быйыл 50дөн ашуун президент, премьер-министр жана тышкы иштер министрлери келе турганын ТИМге караштуу интеграциялык бирикмелер департаментинин жетекчиси Болот Мукашев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул жыл өлкө үчүн өтө мазмундуу болот.

"Болжол менен айтканда быйыл өлкөгө келе турган президент, өкмөт башчы жана ТИМ жетекчилеринин саны 50дөн ашат. Биз аларды тосуп алып, бардык белгиленген иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрөбүз", — деди Мукашев.

Быйыл КМШдагы төрагалыгынан тышкары Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешин жана ШКУнун өкмөт жетекчилеринин кеңешин жетектейт.

КМШ мамлекеттеринин президенттеринин баары өлкө башчылардын саммитине катышууга макулдугун беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0