Атамбаев Сарпашевди кабыл алып, Мамкаттоо кызматынын иш сапатын талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев принял председателя Государственной регистрационной службы при Правительстве страны Тайырбека Сарпашева.
Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев принял председателя Государственной регистрационной службы при Правительстве страны Тайырбека Сарпашева. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент жарандарды каттоодо заманбап технологияларды киргизүү коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алып, каттоо кызматынын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулады.

Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте паспортту эки саатта даярдап берген дагы бир борбор ишке кирет
Атамбаев Бирдиктүү мамлекеттик реестрлөөнүн II баскычынын иштелип чыккан концепциясы, жарандарды алдыңкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү уюштуруу боюнча маалымат алды.

Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди.

Атамбаев Кыргызстандын жарандарын эсепке алуунун жана каттоодо заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылууга, коррупцияны жоюуга жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш экендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0