Өкмөттүн жыйынында элге электр кубатын берүүдө чектөө болбой турганы айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министри Темир Сариев энергетикалык маселеге арналган кеңешме учурунда.
Премьер-министри Темир Сариев энергетикалык маселеге арналган кеңешме учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул ГЭСиндеги жарактан чыккан агрегаттар калыбына келтирилип, учурда Токтогул ГЭСи 790 мегаватт кубаттуулук менен иштеп жатат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Элди электр кубаты менен камсыздоодо чектөөлөр болбойт жана энергетикалык жабдуулардын иштөөсүндө көйгөйлөр жок. Мындай маалыматты энергетикалык маселеге арналган өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министрдин энергетикалык маселелер боюнча кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Ал Токтогул ГЭСиндеги жарактан чыккан агрегаттар калыбына келтирилгендигин, учурда Токтогул ГЭСи 790 мегаватт кубаттуулукту иштеп чыгып жаткандыгын билдирди.

"Токтогул ГЭСине кошумча суу жиберүү токтотулду, иштөө режими калыбына келтирилди. Керектөөчүлөрдү электр кубаты менен камсыздоодо чектөөлөр жоюлуп, энергетикалык жабдуулардын иштөөсүндө көйгөйлөр жок. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын энергетикалык тутумунда жетиштүү кубаттуулук иштелип чыгууда, мындан тышкары, 400 мегаваттка дейре энергетикалык кубаттуулук резерви бар", — деди Турдубаев.

Кеңешмеде премьер-министр Темир Сариев кыска мөөнөт аралыгында ГЭСтин техникалык абалын комплекстүү иликтөөдөн өткөрүүнү жыйынтыктоо жана жаңы генерациялык кубаттуулукту киргизүү, ошондой эле энергетикалык жабдууларды реконструкциялоо боюнча кадамдык иш-чаралар планын сунуштоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0