Президент баш прокурорго коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, өлкөдө мыйзамдуулуктун болушу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында жасалып жаткан аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокуратурага кылмыштуулук жана паракордукка каршы күрөшүүнү күчөтүүнү тапшырды. Мындай милдетти ал башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганда бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура Жол кайгуул кызматынын жетекчисин иштен алууну сунуштады
Жолугушуу учурунда Жолдубаева президентти мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Башкы прокурор ошондой эле, башкы көзөмөл органы ишкерлердин укугун коргоп, антикоррупциялык иштерди жасап жатканын кошумчалады. Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулуктун болушу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында жасалып жаткан аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0