"Ата Мекен": Сапарбаев айлык акынын аздыгынан депутаттыктан кетүүдө

© пресс-служба Жогорку КенешаАлтынчы чакырылышка "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жоомарт Сапарбаев. Архив
Алтынчы чакырылышка Ата Мекен партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жоомарт Сапарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтынчы чакырылышка "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жоомарт Сапарбаев буга чейин өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшырып берип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жоомарт Сапарбаев депутаттыктан айлык маянасы жашоо тиричилигине жетпей жаткандыктан кетип жатканы тууралуу "Ата Мекен" партиясы билдирүү таратты.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда депутаттын фонду иштей баштайт
Ага ылайык, "Ата Мекен" партиясынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев жаңырган жылга жакын Өмүрбек Текебаевге өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндөгү арызын берген. Анын себебин депутат бизнес багытын камтыган бир топ долбоорлорду ишке ашыруу керектиги менен түшүндүргөн. 

Мындан сырткары Сапарбаев эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, 30 миң сомдук маяна анын жашоо тиричилигин канааттандырбай турганын, мындан улам бизнес кылууну чечкенин билдирген.

Сапарбаев мындан ары бизнес менен алектенсе да, партиялык жумуштарын уланта берээрин билдирип, кийинки шайлоолорго катышуу ниети бар экенин кошумчалады.

Партия мындай чечимди колдой тургандыгын белгилеп, Сапарбаев буга чейинки депутаттык ишмердүүлүгүндө активдүүлүгүн, принципиалдуулугун, мекенчилдигин көрсөтүп коомдо өзгөчө кадыр баркка ээ болгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0