Темир Сариев жарандардын демилгелери өкмөт тарабынан колдоого алынарын айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчысы Темир Сариев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунда.
Өкмөт башчысы Темир Сариев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев айыл чарба продукцияларын ɵндүрүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өкмөт башчысы Темир Сариев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунда жайгашкан Кɵк-Ой айылындагы күнɵcкананын жана Түгɵл-Сай айылындагы жеке балык чарбасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр аймактардагы күнɵсканалардын курулушун кубаттап, мындай демилгени аймактарда жайылтуу зарылдыгын билдирди.

"Айыл чарба продукцияларын ɵндүрүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу зарыл. Бул жаатта күнɵсканаларды куруу, тамчылатып сугарууну жайылтуу максатка ылайык. Бул боюнча аң-сезимди ɵзгɵртүп, изденүү менен аракет кылып, жашообузду жакшырта алабыз", — деди ал.

Премьер-министр бул жаатта өкмɵт жарандардын демилгелерин колдой турганын билдирди. Темир Сариев бул үчүн жарандардын демилгелерин колдоо үчүн жеңилдетилген шарттагы насыяларды берүүнүн жолдорун карап чыгууну тиешелүү органдарга тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0