ТИМ башчысы: жыл акырында АКШ менен болгон мамиле турукташты

© Sputnik / Эркин АлымбековТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан АКШ менен болгон келишимди денонсациялагандан кийин эки өлкөнүн ортосунда жаңы мамилелер башталганын министр белгилеп өттү.

БИШКЕК, 30 дек — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын акырында Кыргызстан менен АКШнын ортосунда болгон мамиле турукташты. Бул негизинен АКШ тарабынан болгон демилгелерден болуп чыкты деп тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Жайында Кыргызстан эки өлкө ортосундагы келишимди жокко чыгарган. Мындай кадамга барууга АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укуктарын коргоочу" наамынын берилгендигине байланыштуу болгон. 

ТИМ башчысынын айтымында, эки өлкө ортосунда түзүлгөн ыңгайсыз абал жыл аягында турукташты. 

"АКШга болгон мамилебиз өзгөргөн жок. Бирок, ошол эле учурда Азимжан Аскаровго берилген наамды биз тааныбайбыз. Биз аны кылмышкер деп эсептейбиз. Америкалык тарапка биздин чындыкты далилдөөчү мыйзам базаларынын бардыгын көрсөттүк. Бирок, чакырыктардан башка конкреттүү жооп алалган жокпуз. Бизге эки өлкөнүн ортосундагы келишим үзүлгөндөн кийин мамилелер кризисттик абалга кептелери айтылган. Менин оюмча азыр тескерисинче жаңы мамилелердин башаты башталды", — деп билдирди министр. 

ТИМ министринин пикири боюнча АКШ менен болгон мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Себеби, Кыргызстан өзүнүн бул же тигил маселелер боюнча пикирин так билдирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0