Өкмөт Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түзмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев документтерге кол коюу. Архив
Премьер-министр Темир Сариев документтерге кол коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюмдун уставдык капиталы 50 миллион сомду түзөт. Мекеме өзгөчө кырдаалда жабыр тарткан жарандардын мүлкүнүн ордун толтуруу милдетин аркалайт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомун түзүү боюнча токтомго кол койду.

Автоунааны камсыздандыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келерки жылдан тарта эл автоунаа менен үйлөрүн милдетүү түрдө камсыздандырышы керек
Аталган мекеме табигый кырсыктардын кесепетинен жок болгон же бузулган мүлктүн ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максатында негизделип жатканы айтылууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду уюмдун негиздөөчүсү болуп, уставдык капиталы 50 миллион сомду түзөт. Мында 500 миң энчилүү акция чыгарылышы күтүлүүдө. 

Мындан тышкары, токтомго ылайык, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы уюм жайгаша турган административдик имарат дайындоо милдеттендирилген. 

Токтомго кечээ кол коюлуп, расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0