Атамбаевдин Жогорку Нарын каскадынын курулушу боюнча билдирүүсүнө Россия жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын каскадынын курулушу. Архив
Нарын каскадынын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Россия объективдүү себептерден улам Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча макулдашуунун шарттарын аткара албагандыктан Кыргызстан жаңы инвестор издеши керек экенин айтты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстан гидроэлектрстанцияларды куруу боюнча макулдашуудан чыгуу жана жаңы инвестор издөө маселелерин карап жатканын президент Алмазбек Атамбаев кечээ жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында билдирген.

Атамбаев ГЭСтердин курулушу тууралуу: башка инвесторлорду издейбиз
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн жетекчилери бул маселени талкуулашканын тастыктап, бирок кандайдыр бир чечим чыгарууга али эрте экенин белгиледи. 

Мындан үч жыл мурун Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана Нарын дарыясындагы кичи ГЭСтердин каскадын куруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Мында Россия долбоорго акча бөлүп, ал эми Кыргызстан жер тилкелердин пайдалануу укугун бермек. 

Атамбаевдин айтымында, Россиянын учурдагы экономикалык абалы аталган курулушту ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындан улам Кыргызстан өз алдынча аракет кылып, жаңы инвестор табышы талапка ылайык. 

Өлкө башчы Кыргызстандан да бир катар кемчиликтер кеткенин айтты. 2015-жылга карата 3030 гектар жердин ордуна болгону 554,4 гектары гана бөлүнүп берилген. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбека Атамбаев маалымат жыйыны учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйыны сүрөттөрдө
Энергетикалык өнүктүрүү фондунун директору Сергей Пикиндин айтымында, аталган долбоорлордун көйгөйү — алардын кымбаттыгы менен Кыргызстандагы тарифтердин төмөндүгү. Бул инвестициялык каражаттын акталышын кыйындатат.

Пикин эгер Кыргызстан макулдашуудан чыга турган болсо, россиялык компаниялардын башка долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүгү кеңейе турганын айтып, алардын курулушка подрячик катары катышуусу ыктымал экенин билдирди.

Эксперт Кыргызстандын ГЭС курулуштарына каражат табуу мүмкүнчүлүгү анча чоң эмес экенин белгилейт. Анын айтымында, варианттардын бири катары Кыргызстанга жигердүү инвестиция салып келген Кытай мамлекети эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0