Атамбаев менен Миллер Кыргызстанды газ менен камсыздоо системасын талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев "Газпром" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуусу учурунда.
Алмазбек Атамбаев Газпром компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуусу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күнгө созулган иш сапарынын алкагында Атамбаев Путин менен жолугуп, ЖККУнун жана Евразиялык экономикалык кеңештин жыйнына катышууга жетишти. Президент бүгүн Бишкекке кайтып келет.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россияга болгон иш сапарынын алкагында "Газпром" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Путин КР менен РФ чыныгы достордон экенин айтты — эки президенттин жолугушуусу
Президенттин иш сапары кечээ башталган. Ал Жамааттык кызматташуу келишим уюмунун жыйынына жана Евразиялык экономикалык кеңешке катышып, Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Атамбаев менен Миллердин жолугушуусунда Кыргызстанды газ менен камсыздоо системасын өнүктүрүү боюнча компаниянын ишмердүүлүгү талкууланып, өлкөнүн энергетика тармагына инвестиция тартуу маселелери каралды.

Ушуну менен өлкө башчынын Россияга болгон иш сапары соңуна чыкты. Атамбаев бүгүн Бишкекке учуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0