Атамбаев Катар эмири менен инвестиция, соода жаатында кызматташууну талкуулайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине болгон иш сапары учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетине болгон иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен учурда Катар мамлекетинде жүрөт.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Иш сапар менен Катарга келген президент Алмазбек Атамбаев Катар Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвестиция тартуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулайт.

Атамбаев аталган өлкөдө башталган иш-сапарынын алкагында алгач, Билим берүү, илим, коомду өнүктүрүү Фондусу жана "Билим шаарчасы" комплекси менен таанышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Кувейттин эмири Атамбаевди Катарга өзү узатты
Фонду менен таанышуу учурунда мамлекет башчысына Билим берүү, илим жана коомду өнүктүрүү фондусунун ишмердиги жөнүндө бет ачар өткөрүштү. Андан кийин Атамбаев Фондунун штаб-квартирасы менен таанышып, комплекстин эстелик китепчесине өз каалоосун жазып калтырды. 

Фонду 1995-жылы Катардын Эмири Шейх Хамад Бен Халиф Аль Танинин Жарлыгы менен түзүлгөн. Максаты – Катардын бардык жарандарына сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, Катардагы билим берүүнү, инновациялык изилдөөлөрдү дүйнөлүк деңгээлге жогорулатуу. 

"Билим шаарчасы" Катардын жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштын илимий-билим берүү, педагогикалык жана маданий борборлорунун бири болуп эсептелет.

Атамбаев Катарга Кувейт мамлекетинен жасаган иш сапарынан кийин келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0