Кувейттин эмири Атамбаевди Катарга өзү узатты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Кувейт мамлекетин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах менен.
Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Кувейт мамлекетин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын иш сапары 11-декабрь күнү башталган. Алгач Түркмөнстанга барып, андан кийин Кувейт мамлекетине келген. Иш сапар 15-декабрга чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Кувейт мамлекетинен Катарга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевди расмий узатуу салтанатына Кувейттин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль-Сабах катышты. 

Аземдин жүрүшүндө эки мамлекеттин гимндери аткарылып, андан соң мамлекет башчылар Ардактуу кароолдун катарын кыдырып чыгышты.

Андан кийин Атамбаев Катарга иш сапар менен жөнөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0