Атамбаев Кувейттин вице-премьерин Кыргызстанга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Кувейттин биринчи вице-премьер-министри шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах менен.
Алмазбек Атамбаев Кувейттин биринчи вице-премьер-министри шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Кувейтке келди.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кувейттин биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри, Араб экономикалык өнүгүү Кувейт фондунун төрагасы шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Кувейттин инвестиция, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармагында кызматташуусу талкууланды. Ошондой эле, аймактагы жана дүйнөнүн күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Атамбаев кувейт тарапка расмий сапар үчүн чакырганына жана жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдирип, Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабахты кийинки жылы Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Атамбаев Кувейтте инвестициялык форумга катышат
Президент эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу жандануу керектигин белгиледи. Өз кезегинде Кувейттин биринчи вице-премьер-министри Шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах Атамбаев менен жолукканына ыраазы экенин билдирди.

Ал ошондой эле, Атамбаевдин иш сапары учурунда эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюла турганын айтып, бул келишимдер эки мамлекеттин өз ара кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгарат деп үмүт артарын кошумчалады.

Учурда Атамбаев расмий сапары менен Кувейтте жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0