2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушталууда

© Sputnik / Леонид Палладин / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жылдан кийин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо сунушу президент менен өкмөткө жөнөтүлөт. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев "Айтматов окуулары – 2015" эл аралык илимий-практикалык конференцияны ачып жатып билдирди.

Эркебаев улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө керектигин айтат. 

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын мыкты өткөрүү үчүн президентке, өкмөткө 2018-жылды "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялоо боюнча кабыл алынчу резолюцияны сунуштайм. Мындай ишти эрте жана мыкты даярданып өткөрүү керек. Чыңгыз агабыздын чыккан да, жарыяланбаган чыгармаларын бириктирип чыгаруу каралышы керек", — деди Эркебаев.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дипломаттар Бишкекте Айтматовду эскеришет
Аталган конференция кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу, Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнүнө, ошондой эле Кыргызстанда расмий түрдө бекитилген адабият күнүнө арналат. 

Конференцияда Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Россия, Түркия сыяктуу башка мамлекеттерден окумуштуулар келишкен. 

12-декабрда конференциянын катышуучулары Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барышат. XX кылымдын улуу жазуучусунун чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференциянын аягында резолюция кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0