Туризм департаментинин чылбыры Азамат Жаманкуловго берилди

Жазылуу
Жаманкуловго чейин аталган мекемени башкарып келген Максат Чакиев пара берди деген айып менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жаңы директору болуп Азамат Жаманкулов дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Конференция залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин маалымат кызматынын кызматкери маданият министринин орун басары болду
Жаманкулов буга чейин "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорунун катчылыгында иштеп келген.

Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Күч түзүмдөрү Чакиев мындай ишке өзүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн берген деген маалымат тараткан.

Башында ал эки айга камалып, кийин үй камагына чыгарылган. Чакиев козголгон кылмыш ишинен улам кызматынан убактылуу четтетилген. Ноябрь айынын башында ал кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0