Катар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр

© flickr.com / JuanedcКатар мамлекетинин желеги. Архив
Катар мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда өкмөт башчы менен элчи Кыргызстан менен Катардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Катар Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтип, соода-экономикалык тармактагы инвестициялык долбоорлорду талкуулоого кызыкдар экенин Катардын КРдеги элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Катар Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарын импорттоого кызыгып жатат
Премьер-министр эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин баштоону тездетүү зарылдыгын жана Катар менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ачыкка чыгарды.

Өз кезегинде Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими өз өлкөсү Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин маалымдап, соода-экономикалык тармактагы инвестициялык долбоорлорду талкуулоого даярдыгын билдирди.

Ошондой эле Мохамед бин Арар Аль-Наими эки өлкө ортосундагы өкмөт аралык комиссиянын ишин кийинки жылы баштоо пландалып жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0