Париждеги конференцияда Кыргызстан жаңы климаттык келишимди кабыл алууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 21-конференциянын ачылыш аземинде.
Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 21-конференциянын ачылыш аземинде. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти эл аралык иш-чарага катышып жатып, климаттын өзгөрүүсү боюнча бир катар сунуштарды киргизди.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Биз бардыгыбыз Жердин, кийинки муундардын келечеги үчүн жоопкербиз деди президент Алмазбек Атамбаев БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 21-конференциянын ачылыш аземинде.

Парижде президент Атамбаевди жана биринчи айымды бир кучак роза менен тосуп алышты
Мамлекет башчы Парижде болгон терактынын натыйжасында көп сандаган адамдар курман болгондугуна байланыштуу Франция элине көңүл айтып, терроризмдин бардык актылары кылмыштуу экенин, себептерине карабастан аларды эч качан актоого болбой турганын айтты. 

Атамбаев өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнүн, болуп көрбөгөндөй кургакчылык тынчыздантып, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүп жатканын белгиледи. Мында негизинен өлкө башчы Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөңгүлөрдүн тез ээрип баратканы өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын айтты. 

"Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40 пайызга кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында Борбордук Азия дарыяларынын суу деңгээли 25-30 пайызга кыскарышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал", — деди президент.

Өлкө башчы мындан улам Кыргызстан климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизип жатканын белгиледи. 

"Мында өлкөнүн жылуулук электр борборлорунун чыгындыларын кыскартуу боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү жана пайдалануу, ошондой эле салттуу энергия булактарынан жаңыланма түрлөрүнө, ресурс үнөмдөөгө өтүү каралган. Бул жагынан биз өзүбүздүн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланалы деген ойдобуз", — деди Атамбаев. 

Климаттын өзгөрүү коркунучун төмөндөтүү үчүн Кыргызстанга донорлор керек
Президент тоо экосистемасын, анын ичинде токойлорду калыбына келтирүү жана сактоону, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана суу үнөмдөө технологияларын ишке киргизүүнү сунуштады. Климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан табигый кырсыктарына жана өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн мамлекетти дагы, калкты дагы алдын ала маалымдоо жана даярдыгын жогорулатуу системаларын ишке киргизүү, глобалдык жылуу боло баштоого байланыштуу калктын ден-соолугун коргоо боюнча чараларды көрүү жана шаар менен айыл жерлеринин инфраструктурасын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

"Кыргызстан, бизди курчап турган айлана-чөйрөнүн, климаттын өзгөрүшү менен туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү менен глобалдык деңгээлдеги мындан аркы аракеттерди макулдашууда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын калыс жана адилет кароону жактайт", — деди өлкө башчы.

Атамбаев бул конференцияда адам ишмердигинин климатка тескери таасир этүүсүн болтурбоого да, Жер шарынын калкын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышына да өбөлгө түзүүнүн реалдуу каражаты болуп кала турган жаңы климаттык Келишимди кабыл алууга чакырып, бүгүнкү күндө бардыгыбыз Жердин, кийинки муундардын келечеги үчүн жоопкер экенибизди баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0