Башкы прокуратура: Самаковдун иши сотко өттү

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-депутат Самаков Карганбек. Архив
Экс-депутат Самаков Карганбек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутаттан тышкары, мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго жана айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевге айып тагылган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Экс-депутат Карганбек Самаковдун жер тилкеси боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура билдирди.

БШК Самаковду, Чудиновду, Айдаралиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок
Маалыматка ылайык, 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүлгөнү боюнча Самаковго карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп келген. 

Самаковдон тышкары, аталган иш боюнча уулу Кубанычбек Самаковго, Жаныш жана Курманбек Бакиевдерге кылмыш иши козголгон. 

Мындан тышкары, Аламүдүн райондук соту тарабынан мыйзамсыз токтом чыгарып бергени үчүн ошол кезде өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудиновго, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиевге жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге айып тагылган. 

Учурда иш Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0