Ибраев: ЕАЭБ курамына кирген Кыргызстандын көп көйгөйү бар, бирок баарын чечүүгө болот

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЕЭК министри Данил Ибраев. Архив
ЕЭК министри Данил Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ЕАЭБ курамына киргенине 19-ноябрь күнү 100 күн толду.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин курамындагы жүз күндүгүнүн жыйынтыгы жемиштүү болгону менен көйгөйү да жетишерлик экенин ЕЭК министри Данил Ибраев видеокөпүрө учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан да, ЕАЭБда бардык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн билек түрүнө иштеп жатат. Учурда тарифтик жана тарифтик эмес башкаруу, салык салуу, миграция жааттарында көптөгөн көйгөйлөр бар. Россиянын аймактары менен Кыргызстандын өз ара мамилеси өзүнчө талкууланып, кыргызстандык ишкерлердин Россиянын чекене түйүндөрүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

"ЕЭК 200гө чукул акт кабыл алды. Бул чечимдер ЕАЭБге мүчө болгон беш мамлекет тең 180 миллиондуу рынокко чыгып, атаандаштыкты түзүүгө мүмкүн экенин сезишти. Буга чейин рыногубуз 6 миллиондуу болсо, эми 30 эсеге көбөйдү", — деди Ибраев.

Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Кылычбек Жакыповдун айтымында, Кыргызстан алдыда турган көйгөйлөрдү активдүү чечип келе жатат.

"ЕАЭБ курамына кирүүнүн оң таасирин 2017-жылы сезе баштайбыз", — деди ал.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ мамлекеттери салык салуунун сапатын талкуулашты
Атка минер бүгүнкү күндө миграция маселеси курч бойдон калып, бирок бул жааттагы маселелер күн санап четинен чечилип жатканын белгиледи.

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Евразия экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болду. Казакстандын президент Нурсултан Назарбаев акыркылардан болуп Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча документке кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0