Сариев: Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин ыйгарым укуктары кеңейет

Жазылуу
Өкмөт башчы жаңыдан түзүлгөн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин алдында аскер тармагындагы бир нече багытты теске алуу милдети турганын билдирди.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргыз армиясы учурдагы бардык чакырыктарга жооп кайтарууга даяр болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Жаныбек Капаровду жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Башкы штабдын алдында аскер реформасын улантуу менен Армиянын күжүрмөн жана саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасы турат.

"Армия учурдагы бардык чакырыктарга жооп кайтарууга даяр болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн жана чек аранын бекемдигин толук камсыз кылуу милдети турат", — деди Сариев.

Темир Сариев министрлерге: кыйшайбай иштегиле!
Өкмөт башчы жаңыдан түзүлгөн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин алдында аскердик тармактагы бир нече багытты координациялоо милдети турганын билдирди. Натыйжада, комитеттин ыйгарым укуктары кеңейип, коргоо тармагынын маселелерин тез жана сапаттуу чечүүгө мүмкүндүк берилет.

Муну менен катар премьер-министр аскер тартибин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолуп, аскер кызматкерлеринин коом алдындагы кадыр-баркын мындан ары да көтөрүү үчүн иштер жасалышы керектигин белгиледи.

"Өз кезегинде өкмөт Куралдуу күчтөрдүн аскердик даярдыгын жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн бардык шартты түзүп берет", — деди Сариев.

Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Жаныбек Акматов жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев көрсөтүлгөн ишенимди актоого жана жоопкерчиликти так аткарууга убада беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0