Сот департаментинин Ош башкармалыгына беш кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн курулуш жана оңдоо иштеринин көлөмү ашыра көрсөтүлүп, ал эми башкармалыктын кызматкерлери жасалма актыларга кол коюп беришкен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын курулуш жана оңдоо иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын УКМК билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги бут кийим сатып алууда 3,2 млн. сом зыян келтирген
Маалыматка ылайык, 2014-жылы Ош шаардык жана Кара-Суу райондук сот имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүү, жылуулук системасын орнотуу, ошондой эле Чоң-Алай райондук сот имаратын куруу боюнча департамент тендер өткөрүп, бир катар компаниялар менен келишим түзгөн.

Текшерүү учурунда ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн курулуш жана оңдоо иштеринин көлөмү ашыра көрсөтүлүп, ал эми башкармалык кызматкерлери жасалма актыларга кол коюп беришкен. Мындан мамлекетке 914,7 миң сомдук зыян келтирилген. 

Аталган фактылар боюнча беш кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0