РФ премьер-министри Сариевди кайра дайындалышы менен куттуктады

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дмитрий Медведев орус-кыргыз өнөктөштүгүнүн бекемделиши эки мамлекеттин кызыкчылыгына төп келерин белгиледи.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Россиянын премьер-министри кыргызстандык кесиптеши Темир Сариевди өкмөт башчылыгына кайра дайындалышы менен куттуктаганын Россия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев бейшемби күнү Темир Сариевди премьер-министрликке дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. Ага чейин Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы бир добуштан өкмөттүн курамын бекиткен.

"Орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүү, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташууну активдештирүү, ЕАЭБ алкагында өз ара натыйжалуу аракеттешүү эки мамлекеттин кызыкчылыгына толук жооп берет", — деп айтылат куттуктоодо.

Сариев биринчи жолу премьер-министр болуп 2015-жылдын жазында келген. V чакырылыштагы парламенттин иши аяктагандан кийин өкмөт толук курамы менен отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0