Мамлекет башчысы: "тың" президенттен Кудай сактасын

Жазылуу
Мамлекет башчысы жаңы келген депутаттарга президенттик шайлоого болгону 1,5 жыл калгандыгын эскертти.

БИШКЕК, 6-ноя. —Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүүнү башташы керектигин бүгүн Жогорку Кеңеште айтты.

Сариев жаңы өкмөт мүчөлөрүнө: биздин келечек — өзүбүздүн колубузда
Өткөн парламенттик шайлоодо айрым партиялар формалдуу түрдө Баш мыйзамды бузбаганы менен, бирок, иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөргөндүгүн белгиледи. 

Ал 2017-жылы эл бал сөздөргө, акчага алданып, өтө  "тың" президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон бизнесмендерди бир-бирден тоногон, Кудайдан коркпогон президент келиши мүмкүн болуп турат деп айтты. 

"Анткени "жылаан аласы тышында, адам аласы ичинде" болот. Элибиз да ишенчээк. Андай "тыңдарга" азыркы Конституция туруштук бере албайт. Анткени, Баш мыйзамдын өзүндө бир топ карама-каршылыктар бар", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюш керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0