Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште ант берет

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү парламент депутаттары Темир Сариевдин талапкерлигин жана өкмөт курамын өкмөт башчылыкка бекитти.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бейшембиде Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөт курамы парламентте мамлекет башчысынын жана депуаттардын, элдин алдында ант берет.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 118и кечээ Темир Сариев премьер-министр болушуна макулдугун беришкен.

Андан кийин президент Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке Сариевдин дайындалышы боюнча буйрукка кол койгон. 

Өкмөттүн курамын төмөндө көрүүгө болот. 

 

  • Биринчи вице-премьер-министр — Аалы Карашев 
  • вице-премьер-министр — Олег Панкратов 
  • вице-премьер-министр — Гүлмира Кудайбердиева
  • Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси (министр даражасында) — Нурханбек Момуналиев 
  • Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси —Марат Кенжисариев;
  •  УКМК – Абдил Сегизбаев
  • Экономика жана өнөр жай министрлиги — Арзыбек Кожошев
  • Ички иштер министрлиги – Мелис Турганбаев 
  • Юстиция министрлиги– Жылдыз Мамбеталиева 
  • Каржы министрлиги – Адылбек Касымалиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – Кубатбек Боронов 
  • Социалдык өнүктүрүү министрлиги – Кудайберген Базарбаев, 
  • Билим берүү жана илим министрлиги — Элвира Сариева 
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — Алтынбек Максутов
  • Саламаттык сактоо министрлиги – Талантбек Батыралиев
  • Транспорт жана байланыш министрлиги – Аргынбек Малабаев
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – Турдуназир Бекбоев
  • Тышкы иштер министрлиги — Эрлан Абыдлдаев

 

Жаңылыктар түрмөгү
0