Марат Кенжесариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетти жетектеди

© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министрлигинин шеврону. Архив
Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет Коргоо министрлигинин ордуна түзүлдү

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Марат Кенжесариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин башчылыгына дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчилигине Абдил Сегизбаев дайындалды
Президент Алмазбек Атамбаев тийиштүү буйрукка бейшемби күнү кол койду.

Жогорку Кеңеште ошол эле күнү өкмөттүн жаңы структурасы бекиди, ага ылайык, Коргоо министрлигинин ордуна Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет пайда болду.

Өлкө башчы шейшемби күнү Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, аскер реформасын ишке ашыруу үчүн Коргоо министрлигинин статусун жаңы функцияларга ылайык алмаштыруу керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0