Атамбаев: аскердик реформа үчүн Коргоо министрлиги башка макамга ээ болушу шарт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев Коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө жасалган реформа армиянын аскердик жөндөмдүүлүгүн арттырууга, кандай гана кооптуулук болбосун татыктуу жооп берүү дараметин бекемдөөгө багытталышы зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Мындан ары реформа жасоо үчүн Коргоо министрлиги башка макамга ээ болуп, жаңы милдеттер тагылышы шарт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев Коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алганда айтты. Анда мамлекет башчысына Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө жүргүзүлүп жаткан реформалар туурасында маалымат берилди. 

Кыргызстандын аскерлеринин жаңы формасынын эскиздери Атамбаевге жакты
Президент КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргонуу министрлигинин өз ара майнаптуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө жасалган реформа армиянын аскердик жөндөмдүүлүгүн арттырууга, аны заманбап жана кандай гана кооптуулук болбосун татыктуу жооп берүү дараметин бекемдөөгө багытталышы зарылдыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0