Парламенттеги көпчүлүк коалиция курамы дүйшөмбүдө белгилүү болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП менен "Өнүгүү-Прогресс" сүйлөшүлгөн маселе боюнча орток пикирге келишти

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көпчүлүк коалиция түзүү боюнча "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөштү. Бул туурасында бүгүн КСДП фракциясынын катчылыгы маалымат таратты.

"Сүйлөшүүдө көтөрүлгөн маселелер боюнча тараптар орток пикирге келишти", — деп айтылат маалыматта.

Катчылык көпчүлүк коалициясына кире турган фракциялар дүйшөмбү күнү белгилүү болорун кошумча билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0