Саматов Россиянын жараны эместигин соттон далилдеп бере алган жок

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук соту "Республика – Ата-Журт" фракциясынан депутат Жыргалбек Саматов боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту "Республика – Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовду тизмеден чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу партиядан билдиришти.

Депутаттын орун жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК жаңы депутаттардын тизмесин жарыялады
Шейшемби күнү Боршайкомдун жыйынында "Республика – Ата-Журт" партиясынын юристтери Саматов Россиянын жараны экенин жана ал Казань шаарында катталганын билдиришкен. Далил катары Федералдык миграция кызматынын Татарстан боюнча башкармалыгынан маалым каты көрсөтүлгөн. Алар Саматов Россиянын жараны экенин тастыктап беришкен.

Мындай маалыматтан улам БШК Саматовду депутаттык мандаттыберүүдөн баш тартып, анын ордуна Болотбек Ибраимжанов каттаган.

 Жогорку Кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйыны шаршемби күнү болгон. Учурда парламентте көпчүлүк коалицияны түзүү аракеттери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0