Ат тезегин кургатпаган "максаттуу сапарлар" жана мамкатчынын максаты эмнеде?

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен АКШ мамкатчысын жылмайып тосуп алып, жылуу жумшак узаткан Борбор Азия мамлекеттери, керектүү оокатын алып, бирок, ички саясатын өзүнүн ийкемине жараша жүргүзө берет, дейт серепчилер.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Акыркы учурларда дүйнөлүк ири державалардын жетекчилеринин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга ат тезегин кургатпай каттап жатышы биринчиден, өз таасирин күчөтүүнү, экинчиден колдон чыгып бара жаткан аймакта позициясын сактап калуу максатын көздөйт. Мындай "саясий коноктун" дагы бири, эртең Бишкекке келе турган АКШнын маклекеттик катчысы Жон Керри эмнени көздөп келе жатат. Бул жаатта Sputnik серепчилер менен саясатчылардын пикирин тыңдады.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга ишембиде келет
Акыркы ири сапарларды эске салсак, июлдун башында Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, октябрдын аягында Япон өкмөтүнүн башчысы Синдзо Абэ келген. Эми АКШ мамкатчысы Жон Керри Кыргызстанга келе жатат.

Океан артындагы державанын расмий өкүлү Борбор Азияга ири алдыда өзүнүн таасирин мындан ары солгундатпай сактап калуу максатында келе жатат деген пикирин  эксперт Кубан Абдымен билдирди.

"Кыргыз бийлигинин АКШга карата алакасы Евразиялык биримдикке киргенден кийин, Россиянын таасири астында өзгөргөндүгү байкалып жатат. Жон Керринин сапарын эл аралык таасирлүү борборлор Россия менен алака мындан күчтүү деңгээлге чыгып кетпесин деген максатта кылган кадам катары баалашууда. Алар биз барбыз, көз карашыбызды өзгөртпөстөн, силер менен достук мамиледеги алаканы түзгөнгө даярбыз деген белги", — деди серепчи. 

Ал эми дагы бир эксперт, "Аймактык көйгөйлөрдү иликтөө борборунун" адиси Айбек Султангазиев илгертен эле ири державалардын ортосунда геосаясий тирешүүлөр болуп келгендигин, бул акыркы мезгилде кескин өсүп кеткендигин айтат.

"Индиянын башчысы, анан Япон премьери, эми Керринин сапарларын Кытай менен Россиянын регионго кылган таасирин басаңдатуу үчүн кылган иш-аракеттер деп айтса болот. Бир жагынан геоэкономикалык дагы кызыкчылыктар бар. Андан сырткары регион Европа менен Азия ортосунда транзиттик аймак катары дагы бааланат. Ал эми АКШ президенти Барак Обаманын БУУда Кытай менен Орусиянын өсүшүн чоң коркунуч катары айткан. Ал айтылган сөздүн аркасынан бизге келип жаткан визиттерге саресеп салып, тыңдап турсак болот", — дейт Султангазиев.

Жылмайып тосуп алып, жылуу узатып, бирок…

Ал эми аймактын ичинен Кыргызстанга карата жасалган сапарды алсак, мунун артында мындан бир нече ай мурда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы түзүлгөн өкмөт аралык кызматташуу боюнча меморандумдун учугун улоо максаты айтылууда. 

"АКШ өзүнүн таасирин арттыруу үчүн бул күнгө чейин Кыргызстанда жүргүзгөн саясатын карап чыгышы мүмкүн. Анткени жаңы жагдайлар пайда болду. Балким, реалдуу экономикалык долбоорлорду тартуулайт. Вашингтон өзүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн биздин ички саясатка таасир эткен ар кандай күчтөрдү көптөн бери колдонуп келген ыкмасына кошуп, башка дагы стратегиялык чечимдерди кабыл алып, ишке киргизиши мүмкүн. Кыргызстанга ар кандай жаңы коркунучтарды дагы колдонгонго барышы мүмкүн", — деди Султангазиев.

Анткен менен АКШ мамкатчысын жылмайып тосуп алып, жылуу жумшак узаткан Борбор Азия мамлекеттери, керектүү оокатын алып, бирок, ички саясатын өзүнүн ийкемине жараша жүргүзө берет. Анын үстүнө көп жерде ЕАЭБдин эрежелери өз өкүмүн жүргүзөт. 

"Борбор аймакта өлкөлөр эки багытта. ЕАЭБге кирген Кыргызстан менен Казакстан, анан кирем деп жаткан Тажикстан бар. Андан сырткары көз каранды эмес, өзүбүзчө өнүгөбүз деген Өзбекстан менен Түркмөнстан турат. Акыркылар ЕАЭБге кирбесе да, АКШга ыктаганы — кийинки экономикасын сырттан келген каражат аркылуу толтуруп, бирок, өз билгендей ички саясатыбызды жүргүзө беребиз деген көз карашта", — дейт Абдымен.

Шейла Гуолтни Кыргызстанга эми АКШнын жаңы элчиси болуп келди
15-октябрда президент Алмазбек Атамбаевге Ишеним грамотасын тапшырган АКШнын КРдеги жаңы дайындалган элчиси Шейла Гуолтни "өз ара өркүндөгөн болочокту куруу үчүн бирге иштөөнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын" айткан. 

Жон Керри Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0