Мандат үчүн күрөш же жыл аягына чейин парламент канчалык өзгөрөт

Жазылуу
Кыргызстандын саясий ишмерлери Sputnik кабарчысына эмне үчүн Жогорку Кеңештин курамы өзгөрүүлөргө дуушар боло турганын айтып беришти.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бир катар саясатчылардын пикиринде, шаршемби күнү өз ишин баштаган парламенттин VI чакырылышы жаңы жылга чейин эле 10 пайызга кайра жаңыланып, ал эми фракциялардын ички оюндары дагы бир топко чейин уланат. 

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун айтымында, парламентти кескин өзгөрүүлөр күтүп турат, муну менен бирге фракциялар ЖКдагы өз өкүлдөрүн дагы алмаштырат. 

"Депутаттардын бүгүнкү тизмеси акыркы эмес. Бири мамлекеттик кызматты ээлеп кетсе, дагы бири фракциялардын кысымы астында эл өкүлчүлүгүнөн чыгып калат. Кимдир бирөөнө болсо ал баш тарта албагыдай сунуш түшөт", — дейт Кулов.

Саясатчынын көз карашында, бул кадыресе көрүнүш жана мында таң каларлык деле эч нерсе жок. Албетте, соодалашмай жана интригалар да болот, бирок ар бир фракция баарын өз деңгээлинде чечиши керек. Парламентарийлер өз милдетин аткарууга киришүүсү үчүн муну, орун алмаштыруу менен алектенбей, тез бүтүргөнү оң. 

"Парламентке кирбей калган, бирок партия жетекчилерине тиши өткөн адамдар абалды кыйындатып жиберет. Ошолорго "ыраазычылык билдирүү" ниети тизмелерди "керектүү багытка" жылдырат. Өзүнчө бир "кадрлар бөлүмүнө" айлана турган жана баарына жеткидей "кресло" издеши керек болгон премьер-министрге мындай шартта өтө кыйын болот", — деди Кулов. 

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров парламентте депутаттардын тизмеси сөзсүз өзгөрөт деген пикирде. 

"Фракциялардын ичинде катуу күрөш башталып, мандатка ээ болгон бактылуулардын саны жарыяланган тизме бир топ кыскарат", — деди "Бүтүндүн" лидери.

Мисалы, РАЖ бөлүнгөнү турат, бул дагы күчөйт, демек, партияларды кошуп жатканда кандайдыр бир макулдашуулар болгон да. Эми болсо кимдир бирөө аларды аткарбай жатат деп белгиледи саясатчы.

"Өнүгүү — Прогресс" да ушундай эле абалда. Бир гана айкын нерсе, мамлекеттик кызматтарга көпчүлүк коалициясынын кишилери барат", — деген ишеничте Мадумаров.

Чиновниктердин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалициянын ой-чуңкуру
Анын пикири боюнча, мандаттар үчүн парламентарийлерди четтетүү аракеттери башталат — бири башка өлкөнүн жараны болуп чыгат, экинчиси документтерин өз убагында бүтүрбөй калат. Соттошуулар уланып, кыязы, бул парламент өзүнүн конституциялык мөөнөтүнүн акырына азыркы курамы менен чыкпайт. 

БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев жаңы парламенттеги өзгөрүүлөр бир топ катуу болот деген пикирде. 

"Депутаттыкка эл мандаттан баш тартуу үчүн барбаганын эске алсак, бизди алдыда кызыктуу окуялар күтүп турат. Башы башталды десек болот — сот териштирүүлөрү уланып, ал эми фракциялардын көшөгө артындагы ички оюндары дагы узакка созулат", — деди Сариев.

Анын айтымында, "ички териштирүүлөр" тынч болот, бирок айрым фракцияларда ал ачык тирешүүгө да жетиши ыктымал. Баары тил табыша билүүгө жараша болот — бири акысын берип кутулса, бири документтерди жасалмалаганга да барат. Ошентип, "жараксыздар" четке чыгып калышын күтсө болот, кысым көрсөтүү ыкмаларын болсо эч ким жоё элек. 

"Жаңы курамдын 10 пайызы баары бир Жогорку Кеңештен кетет, мындан улам жыл алмашканга чейин эле эски жаңы жүздөрдү парламенттен кайра көрөбүз", — деди Сариев.

Жогорку сот: добуштар кайра саналбайт
ЖКнын биринчи отурумунда парламенттик фракциялардын лидерлери тааныштырылды. КСДПнын башында анын мурунку чакырылышта да жетектеген Чыныбай Турсунбеков калды. "Республика — Ата-Журт" фракциясын Өмүрбек Бабанов башкарат. Канат Исаев "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогрессти" Бакыт Төрөбаев, "Бир Бол" фракциясын Алтынбек Сулайманов, ал эми "Ата Мекенди" Өмүрбек Текебаев жетектейт.

Жогорку Кеңеш көпчүлүк коалициясын түзгөндөн кийин спикерди, премьерди шайлап жана министрлер кабинетин түзүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0