"Ата Мекен, КСДП жана "Кыргызстан: коалиция бери дегенде 67 добушка ээ болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кенештеги депутаттын жумуш орду. Архив
Жогорку кенештеги депутаттын жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" мындай чечимге жыйын учурунда кеңешип-кесип келсе, "Кыргызстандын" лидери Канат Исаев коалиция түзүүгө КСДП лидери менен сүйлөшүүдөн кийин макул болгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" жана "Кыргызстан" фракциялары көпчүлүк коалицияга кирүүгө макулдук берди.

Бейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын лидерине көпчүлүк коалиция түзүү укугун тапшырган.

Мамлекет жетекчиси Алмазбек Атамбаев аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик көпчүлүк коалициясын КСДП түзмөй болду
"Ата Мекен" фракциясынан билдиришкендей, ошол эле күнү жыйын өтүп, депутаттар бир добуштан коалицияга кирүүгө добуш беришкен. 

КСДП фракциясынын секретариаты Чыныбай Турсунбеков "Кыргызстандын" лидери Канат Исаев менен сүйлөшкөнүн, анда аталган фракция коалиция кошулары макулдашылганын маалымдады.

Секретариат Турсунбеков эртең башка фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү уланта турганын кошумчалады.

Парламентте КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" фракциялары иш алып барат.

Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттарынын тизмесин Sputnik инфографикасынан көрүңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0