Унаа, жардамчы жана кол тийбестик. Депутаттар дагы эмнеден баш тартууда?

Жазылуу
Депутаттарга кызматтык унаа, батир берүү, жардамчы бөлүп, кол тийбестик чегерүү "ЖК депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамында каралган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жардамчы, кызматтык унаа жана кол тийбестик сыяктуу депутаттык артыкчылыктардан баш тартуу демилгесинин артында популизмдин чети чыгып турганын Sputnik агенттигине парламентаризм боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов билдирди.

Шаршемби күнү алты партиянын катышуусу менен Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы өз ишин баштады. Анда КСДП менен "Ата Мекен" партиялары депутаттык кол тийбестиктен, кызматтык унаадан жана бир жардамчыдан баш тарта турганын жар салды.

Мындан тышкары, "Ата Мекен" фракциясы ЖК депутаттарынын туугандары учурдагы кызматынан жогорку жумуштарга дайындалышына каршы экенин айтып чыкты.

Бактыгуловдун айтымында, аталган билдирүүлөрдүн ишке ашуусу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Ал эми мыйзамдарда ар бир депутат кол тийбестикке ээ экени жазылып турат.

"Жардамчыдан баш тартуу — бул ар бир депутаттын өз иши. Балким, кээсине чынында эле көп кишинин кереги жоктур. Бирок жардамчы кеңешчиге айланып кетиши мүмкүн, ал эми бул таптакыр башка статус", — деди эксперт. 

Бактыгулов кызматтык унаадан баш тартууну да көп түшүнө албай жатканын кошумчалады.

"Көпчүлүк депутаттардын KG номери тагылган жеке унааларын айдап жүргөнү менен айрымдары кызматтык унаага муктаж. Анткени өз машинасы жок. Биринчи кезекте бул аймактарга чыгууда зарыл. Жеке унаасын айдап жүргөндөр мамлекеттин эсебинен май куюп келгени белгилүү", — деди ал.

Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди
Эксперт мында кызматтык үйдөн баш тартуу тууралуу сөз козголбогонун белгилеп өттү. Анын айтымында, көпчүлүк депутаттын борбор калаада өзүнө же туугандарына катталган турак жайлары бар.

Бул көз караш менен "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан депутат болуп келген Тынчтык Шайназаров да макул экенин билдирген. Ал мындай билдирүүлөрдүн ишке ашуусу үчүн Жогорку Кеңеш менен депутаттардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып турган бир катар мыйзамга орчундуу өзгөртүүлөр киргизилиши керек экенин белгиледи.

"Эгер депутат мыйзам бузуп, күнөөсүн моюндап укук коргоо органдарына өзү барса, ага кылмыш иши козголбойт. Анткени мыйзам боюнча анын кол тийбестиги бар. Ал эми кылмышка барса мыйзамда аны кол тийбестиктен ажыратып, жоопкерчиликке тартуу процедурасы жазылган", — деди Шайназаров.

Эл өкүлү анын фракциясы мыйзам чегинде болорун белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0