БШК төрагасы: РАЖ талапкери боюнча Жогорку соттун чечими колубузга тие элек

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин БШК "Республика — Ата-Журт" партиясынын айрым талапкерлеринин арызы менен аларды тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алган болчу. Бирок кээси арыз жасалма экенин айтып, сотко кайрылган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева БШКнын жыйынында "Республика — Ата-Журт" партиясынан алты жана "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан бир талапкерге карата Жогорку соттун чечими боюнча маселени кароону сунуштады.

Ал БШКнын юридикалык бөлүмү соттун чечими менен таанышып чыкканын билдирди.

Комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, бул боюнча анын кабары жок. 

"Сизге ким эмне деп айтканын билбейм, бирок Жогорку соттук чечими менин колума тие элек", — деди ал Журабаевага кайрылып.

Депуттаттын Жогорку Кенештеги жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исмаилова: "Республика — Ата-Журт" фракциясында иштейм
Абдраимов талаштуу депутаттар боюнча бардык маселе Жогорку соттун чечими менен таанышкандан кийин гана карала турганын белгиледи.

22-23-октябрь күндөрү Жогорку сот БШКнын "Республика — Ата-Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынын жети талапкерин тизмеден чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарган. 

Буга чейин БШК РАЖдын айрым талапкерлеринин арызы боюнча аларды тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алган. Бирок кээси арыз жасалма экенин айтып, сотко кайрылган.

Жогорку сот "Республика — Ата-Журт" партиясынан талапкер Аида Исмаилова (№20), Закир Шарапов (№67), Жыргалбек Саматов (№17), Курманкул Зулушев (№11), Алиярбек Абжалиев (№19) жана Аида Түмөнбаеваны (№16) тизмеден чыгаруу боюнча чечимди жокко чыгарган. Дагы талапкер Асхат Молдобаевдин (№58) арызы мөөнөтү кечиккенине байланыштуу канааттандырылган эмес. 

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
РАЖ Исмаилова партиянын 10 млн. сомдук абийирин төктү деп эсептейт
"Өнүгүү — Прогресс" партиясынан талапкер Нургазы Айдаровго карата да аны кайра тизмеге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган. 

Өткөн жума күнү БКШ имаратынын жанында РАЖ партиясынан талапкерлердин митинги болуп өткөн. Алардын айтымында, талапкерлер тизмеден мыйзамсыз алынып калган.

4-октябрь күнү парламенттик шайлоо өтүп, анда алты саясий партия жеңишке жетишкен. "Республика — Ата-Журт" партиясы экинчи орунду ээлеп, 28 депутаттык мандатка жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0