Оштогу №5 түрмөнүн жетекчиси кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган киши. Архив
Портфель кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов кечээ, 23-октябрда кол койду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Ош шаарында жайгашкан №5 түрмөнүн жетекчиси Абдыкадыр Асанов кызматынан бошотулганын ЖАКМ билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК төрагасы №1 түрмөнүн жетекчисин кызматтан бошотту
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов кечээ, 23-октябрда кол койгон. 

Кылмышкерлердин түрмөдөн качып чыгуусу боюнча өткөн жыйында премьер-министр бүтүндөй ЖАМК системасын реформалоо зарылдыгын белгилеп, айрым кызматкерлерди жумуштан алуу керектигин билдирген.

Буга чейин ЖАМК төрагасынын буйругу менен Бишкек шаарындагы №1 түрмөнүн жетекчиси Калыбек Калмаматов ээлеген кызматынан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0