КРде айыл өкмөттөрүнүн 20 пайызы гана мамлекеттик дотациядан баш тарткан

© Таалай ОроскуловЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төргасы Бакыт Рыспаев.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төргасы Бакыт Рыспаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайра уюштуруу жана каржылык реформа Кыргызстандын тургундарынын күндөлүк көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жергиликтүү бийлик толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн каржыларды бөлүштүрүү жаатында реформалар зарыл деп эсептейт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төргасы Бакыт Рыспаев. 

Анын айтымында, азыркы учурда айыл өкмөттөрүнүн 20 пайызы гана мамлекеттик дотациядан баш тартканга жетишти. 

"Калгандарына өз ишин жана эң жөнөкөй иш-чараларды уюштурганга каражаты жетпей жатат. Бул каржылоо системасында белгилүү кемчиликтердин болушуна байланыштуу көрүнүш", — деди Рыспаев.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин иши тааныштырылат
Ал жергиликтүү бийлик кызматкерлери көп учурда мамлекеттик органдардын ишин аткарып, бирок алардан эч кандай каржы алышпай турганын белгиледи. Башкача айтканда, жергиликтүү бийликтен натыйжаларды талап кылышат да, иш акысын төлөгүлөрү келбейт. Мисалы, айылда Коргоо министрлиги жасай турган ишти аскердик каттоо бөлүмүнүн кызматкери аткарат — аскерге барчулардын үйлөрүн кыдырып чакыруу кагазын тарат, ата-энелери менен түшүндүрүү ишин жүргүзөт, болочок жоокерлер аскер милдетинен качпашына көз салат жана башка. Бирок ал эмгек маянасын аскердик комиссариаттан албайт. 

"Мындай мисалдар көп. Эмгек акылары да өтө төмөн. Мындай ишке кесипкөйлөдү тартуу кыйын, ошон үчүн пенсия курагындагылар же административдик иштен таптакыр эле алыс адамдар иштейт", — деди агенттиктин башчысы.

Бирок каржылоону жөнгө салуу боюнча агенттик төрт министрилик менен макулдашууга жетишип, эми бул айылдык өз алдынча башкаруу кызматындагылар үчүн жакшы колдоо болот деп белгилейт Рыспаев. 

"Кайра уюштуруу иштин сапатын жогорулатууга мүмкүнддүк берет, ал эми министрликтер жакшы натыйжаларды талап кыла алышат. Мындай реформаларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү Конституцияда каралган жана долбоорлор азыр каралып жатат", — деди ал.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарын сан жагынан да кайра түзүү зарыл. Себеби бир айыл өкмөтүндө, мисалы, беш миң киши жашай турган болсо, экинчисинде калктын саны жыйырма беш миңге жетет. Ал эки каржы болсо баарына бирдей бөлүнөт. Башкача айтканда, бирдей эле маяна алган эки кызматкер эки башка сандагы эл менен иш алып барат. 

"Калктардын санын болжолдуу түрдө теңдештирип, айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу сунушталат. Ошонун эсебинен эмгек акысын көтөрүп, кесипкөй адистерди тартууга болот, элдин ишке да кызыгуусу артат", —дейт Рыспаев.

Кайра уюштуруу жана каржылык реформа элдин күндөлүк көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга шарт түзөт.

"Бизде маселе пайда болсо эле, дароо президентке, премьерген же депутаттарга кайрылып көнүп калышкан. Бирок күндөлүк маселелердин көпчүлүгүн жер-жерде эле чечип алса болот. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маселенин чоо-жайын жана аны чечүү жолдорун жакшыраак билет", — деди төрага.

Ал баса белгилегендей, калк үчүн жыргалчылык шарттарын түзүп берүү жергиликтүү бийлик органдарынын колунда, бирок аны ишке ашыруу бир жерде мүмкүн болсо, бир жерде болбой жатат.

"Реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруунун күчүн натыйжалуу пайдаланып, мамлекеттин кадырын көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Себеби ар бир өлкө жөнүндө пикир андагы жашоо деңгээлине жараша калыптанат эмеспи. Ошондуктан кыргызстандыктар жакшы жашоосу үчүн биз болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек", — деди Рыспаев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 453 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) бар. Алар өлкөнүн жергиликтүү административдик бирдиктери болуп эсептелүүчү айыл аймактарынын жашоо-аракеттерин камсыз кылып, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечип жана калк менен түздөн-түз иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0