Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин иши тааныштырылат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүSputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы 453 айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечип, калк менен түздөн-түз иш алып барат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Үстүдөгү жылдын 26-октябрында белгиленүүчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнө карата Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Бакыт Рыспаев менен маектешет.

Аталган агенттик Кыргызстан элинин салттарына негизделген өз алдынча башкаруунун айкын жана бөтөнчө бир үлгүсүн өрчүтүп калыптандырууга өбөлгө түзүп келет. 

Рыспаев агенттиктин иши тууралуу окурмандарды кенен тааныштырып, алдыдагы аракеттери тууралуу маалымат бермекчи. 

Баткенде жергиликтүү кошуун чек арачыларга көмөк көрсөтүп келет
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 453 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) бар. Алар өлкөнүн жергиликтүү административдик бирдиктери болгон айыл аймактарынын жашоо-аракеттерин камсыз кылып, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечип жана калк менен түздөн-түз иш алып барат. 

Маек кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат.

Sputnik (sputniknews.com) —ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай сыяктуу 35 тилде маалыматтарды таратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0