Жаңы депутаттар эски унаага эле отурат

Жазылуу
Жогорку Кеңештин автопаркы 2007-жылы жаңыртылган. Анда бул максаттарга 1 миллион 425 миң доллар сарпталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары эски кызмат унааларын пайдаланарын, жакын арада жаңы машиналарды сатып алуу пландалбаганын парламенттин автоунаа ишканасынын директору Анарбек Камбаров билдирди.

Анын айтымында, ЖК автопаркында 111 унаа катталган, анын ичинде депутаттардын кызматтык машинасы, төрага унаасы жана атайын техника камтылган. 2007-жылы сатып алынган 75 "Тойота Камри" да ушунун ичинде. Алардын ар бири ошол мезгилде 19 миң долларга бааланган. Жалпы жонунан мамлекет депутаттар үчүн 1 миллион 425 миң доллар жумшаган.

"Эски унааларды колдоно беребиз. Алардын баарынын абалы жакшы жана кышкыга даяр", — деди Камбаров.

Директор жол кырсыгына кабылган депутаттардын унаалары күнөөлүү тараптын эсебинен оңдолгонун белгиледи. 

"Эгер кырсыкка биздин айдоочу айыптуу болсо, ал өз чөнтөгүнөн унааны калыбына келтирип берет", — деди ал.

Камбаров айрым эл өкүлдөрү кызматтык унаанын ордуна жеке машиналарын айдап жүрөрүн да эскертти.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо алты саясий партия жеңишке жетишкен. Буга чейин айтылгандай, жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны кийинки аптада өтөрү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0