Жаңы депутаттардын биринчи жыйыны өтчү күндү партиялар аныктайт

Жазылуу
Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү мөөнөтүн аныктоодо БШК Конституцияга жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамына таянат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мыйзамга ылайык, жаңы чакырылыштагы депутаттардын алгачкы жыйыны 30-октябрдан кеч эмес өтүшү керек. Ал эми так күнүн жеңүүчү аталган партиялар түзгөн топ аныктайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш айрым маалымат каражаттарында жарыяланган "парламенттин алтынчы чакырылыштагы депутаттардын иши мыйзам бузуу менен башталууда" деген маалыматты четке кагып, мыйзамда жаңы чакырылыш ишин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийин 15 күндөн кеч эмес убакытта өткөрүлүшү керек деп жазылганын жүйөгө келтирет.

"БШК расмий жыйынтыкты 15-октябрда жарыялады. Мындан улам жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны 2015-жылдын 30 октябрына чейин өткөрүлүшү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоодо жеңишке жеткен партиялар даярдоочу топ түзгөн, ал биринчи жыйын өткөрүлө турган күндү аныктайт.

Жыйындын так күнү аныкталгандан кийин Жогорку кеңештин аппараты сессияга үч күн калганда БШКнын каттоосунан өткөн депутаттарга тийиштүү документтерди жиберилет.

Эл өкүлдөрүнө берилүүчү документтер:

Жогорку Кеңеште депутаттын орун жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ушул аптада өз ишин башташы мүмкүн
Баш мыйзамдын тексти;
  • "ЖК депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамынын тексти;
  • Регламенттин тексти;
  • Жогорку Кеңеш, Аппарат жана иш башкармалыгынын структурасы;
  • Жаңы шайланган депутаттар тууралуу маалымат;
  • ЖК Аппараты жана иш башкармалыгы боюнча жобо;
  • Аппараттын жана иш башкармалыгынын жетекчилеринин тизмеси, байланыш телефондору.
  • Шейшемби күнү БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов алтынчы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны эмки аптада болорун билдирген.

    4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты саясий партия келет.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0