V чакырылыштагы депутаттардын бөтөнчө жана таң калдырган демилгелеринин тизмеси

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңеш отуруму. Архив
Жогорку Кеңеш отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөгүлөргө "Манасты" окутуу жана гимн аткарылып жаткандагы бузук жосун: парламенттин кетип жаткан курамы элди кандай идеялары менен кубандырды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Politmer маалымат порталы парламенттин кетип жаткан депутаттарынын коомдо түрдүүчө кабыл алынган идеяларын кылдат чогулткан. Алардын арасынан Sputnik эң күтүүсүз болгондорун таап чыкты.

Гимн ырдоочу журум-туруму бузук аялдар жана мамлекеттик символдор жөнүндө.

Мамлекеттик туу, герб жана гимн парламентарийлердин тынчын көпкө чейин алды. Мисалы, "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев желекке түндүктү туура эмес түшүргөн үчүн айып салууну сунуштаган. 

"Мындайды көп кезиктиребиз. Жагымсыз көрүнөт экен", — деп баса белгилеген эл өкүлү.

Парламентарийлерге гимн ырдап жаткан аялдар да жакпай койгон. Арнамысчы Кожобек Рыспаевге айымдар колдорун көкүрөгүнө коюшу жөн эле бир "жосунсуз" көрүнгөн.

"Билсеңер, көкүрөккө кол койгондон атуулдук сезим ашып-ташып кетпейт. Ал жүрөктүн сыртында эмес, ичинде болушу керек", — деп белгилеген депутат.

Ал мындай процедураны алып салууну сунуштаган. Бирок кесиптештери демилгени колдогон эмес.

ЖКнын "Ар-Намыс" фракциясынан депутатыТурсунбай Бакир уулу гимнди баш кийимчен уккандарды жазага тарууну сунуштаган. Мамлекеттик символикага башка "шек келтирүүлөр" да жазаланышы керек болчу. 

"Символдорду визиттик карталарына түшүргөндөр да айыпка жыгылышы керек. Алардын айрымдарында туунун кичинекей сүрөтүн көрөсүң. Мындайга жол берүүгө болбойт", — деп эсептеген парламентарий.

Аты калсын, калбасын

Депутат журналисттердин кийингенине, ары-бери басканына нааразы болду
V чакырылыштагы парламентарийлердин аталыштарды өзгөртүүгө ышкысы да жогору болгондой. Алардын эң көрүнүктүүсү деп арнамысчы Нуркамил Мадалиевдин калк отурукташкан бардык орусча аталган жерлердин аталыштарын кыргызчага алмаштыруу жөнүндө сунушун белгилөөгө болот.

Дагы бир көп түрдүү пикирди жараткан ойду республикачы Малик Осмонов менен ар намысчы Каныбек Иманалиев айткан. Алардын пикиринде азыркы "Ак үй" жаңыча "Эл Ордо" деп аталышы керек эле. Себеби, биринчиси өтө эле америкалыкча угулат экен.

Алмашуу коркунучу алдында өлкөнүн борбор калаасынын аталышы да калган. Атамекенчи Карганбек Самаков Бишкекти Манас деп атоону сунуштаган эле. Бирок аны колдоочулар болгон эмес.

Мигранттар жана үй-бүлө абалы жөнүндө

Атажуртчу Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстанда иштөөгө уруксатты үйлөнгөн чет элдиктерге гана берүү сунушун киргизген. 

"Үйлөнгөндөр гана келишсин, антпесе, бул жерден аял алып алышып, биздин генофондду бузуп жатышат. Үй-бүлөсү барлар эле киргизилсин", — деген депутат.

Ал эми КСДПдан парламентарий Ыргал Кыдыралиева буга такыр каршы демилге көтөрүп чыккан. Анын көз карашында, кыргызстандык кыз-келиндер 22 жашка толмоюнча өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы керек эле. Парламентарий өзү белгилегендей, "мындай сунуш Кыргызстандын келечегин сактап калууга жана учурда бар миграциялык көйгөйлөргө байланыштуу киргизилген".

Коңшу кабинеттегини кантип… тажатса болот

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкө өз баатырларын таанышы керек деген ойго келип, орунсуз чыгымдарга жол берген парламентарийлердин кабинеттеринин эшигине атайын такталарды илип коюуну сунуштаган.

Анын "Ата-Журттан" кесиптеши Жылдызкан Жолдошова андан ашып түшкөн. Талоончу депутаттарга ал андан да көрүнүктүү "эн тамга" салуу сунушун айткан эле. 

"Ким талоончу экенин баары билиш үчүн уурдап-тоногондордун мойнуна жазуу илип, же чекесине жазып койсо болор эле", — деп баса белгилеген ал.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, тескерисинче, өз кесиптештеринин жүгүн жеңилдетүүнү чечип, белек-бечкектерди бюджеттин эсебинен каржылоону сунуштаган.

"Чет мамлекеттерде биз бул максатка өз акчабызды коротконго аргасыз болуп жатабыз. Бизде мындай чыгымга карата акча бөлүнгөн эмес", — деген депутат. 

Кеп бизде эмес, ушул журналисттерде

Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов. - Sputnik Кыргызстан
Жолдошова, Кулов, Бакир уулу: жаңы парламентке кимдер кирбей калды?
Маалымат каражатттары, журналисттер менен V чакырылыштагы парламентарийлердин мамилеси кыйын эле. Депутаттар менен журналисттер кармашкан күндөр да болду. Калем ээлери депутаттарга өз макалаларын каршы койсо, тигилер мыйзам долбоорлору менен жооп кайтарып жатышты.

Алсак, "Ата-Журттан" эл депутаты Надира Нарматова парламенттик кабарачылардын турмуш тажрыйбасын текшерүүнү сунуштады. 

"Эмне үчүн депутаттар жөнүндө журналисттар эмне жазып жатканын көзөмөлдөшпөйт? Алардын турмуш тажрыйбасын, канча иштегенин эмне текшербейсиңер?", — деп нааразы болгон Нарматова.

КСДП фракциясынын депутаты Бахтияр Кадыровдун журналисттердин Ак Үйдө дресс-код сактабай жаткандыгына ачууланган жайы бар. 

"Журналисттер мамлекеттик жогорку органдын имаратына футболкачан, туура эмес кийинип келишүүдө. Иштеген жериңерди сыйлашыңар керек да", — деген ал. 

Юридикалык тапкычтык

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
Жабык эшиктин артындагыларга агартуу жайылтылсын! КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина түрмөдө жаткандарга "Манас" эпосун окутууну сунуш кылган.

Укук системасына дагы бир саамалык киргизүү оюн парламентарий Исмаил Исаков айткан. Депутаттын пикиринде, Жогорку соттун судьялары кийимин алмаштырса жакшы болор эле, себеби кара түс, анын айтымында, "азанын, кайгынын өңү жана бардык терс көрүнүштөрдү түшүндүрөт".

Иши кылып, баарынын тең парламенттик журналисттерге ичтери чыкпай жүрдү. Жаңы депутаттар кесиптештеринен кантип айырмаланарын мезгил көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0