Жогорку Кеңештин V чакырылышынын сессиясы расмий жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин V чакырылышынын сессиясында акыркы отуруму.
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын сессиясында акыркы отуруму. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин төрагасы Жогорку Кеңешке дасыккан саясатчылар менен кесипкөй адистер келет деген ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын сессиясынын расмий жабылышында сүйлөгөн спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин иши үчүн депутаттарга ыраазчылык билдирип, анын ишмердүүлүгүн жемиштүү болду деп атады.

Сессиянын жабылышына өкмөт башчысы Темир Сариев, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов катышты. 

"Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары өзүнө тагылган тарыхый озуйпасынын өтөөсүнө чыга алдык. Мамлекеттин туруктуулугун сактоодо өзүбүздүн салымыбызды коштук", — деди спикер Жээнбеков. 

ЖК төрагасы жакында өткөн парламенттик шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө азыркы депутаттардын да салымы бар экендигин айтып, бул жалпынын жеңиши деп атады.

"Жакында биз ачык айкын парламенттик шайлоону өткөрдүк. Мунун эл аралык байкоочулар да тастыктады. Бул биздин, баарыбыздын жеңишибиз", — деди Жээнбеков.

Ал жакында парламентке дасыккан саясатчылар менен кесипкөй адистер келет деген ишеним бардыгын билдирди.

"Жаңы парламентарийлер бизди баштаган иштерди андан ары улантат деген ишенимде турабыз", — деди ал. 

Жыйынды жаап жатып спикер сессиянын жабылышына катышып жаткан журналисттерди фуршетке чакырып, ал жерден депутаттык мөөнөтү аяктап жаткан эл өкүлдөрү менен баарлашууга болорун айтты.

Алты партиянын ар бири канчадан депутаттык мандатка ээ болгонун Sputnik инфографикасында көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0