Президент Атамбаев Лукашенкону өлкө башчылыгына кайра шайланышы менен куттуктады

Жазылуу
Өлкө башчы Белоруссиянын президентине бекем ден соолук жана коюлган максаттарга ийгиликтүү жетүүнү каалады.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Александр Лукашенкону Белоруссиянын президенттигине кайра шайланышы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Телеграммада президент Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы достук мамиле жана өз ара пайдалуу кызматташуу биргелешкен аракеттин негизинде ишке ашарына ишеним артты.

Атамбаев кайра шайланган Лукашенкого бекем ден соолук жана коюлган максаттарга ийгиликтүү жетүүнү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0