Президент Атамбаев коргоо министрин кызматтан алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министри Абибилла Кудайбердиев. Архив
Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кызматынан алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Коргоо министрине карата кылмыш иши козголду
Мамлекет башчысы бул боюнча Жарлыкка 12-октябрда, бүгүн кол койду.

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевге карата Коррупцияга каршы кызмат тарабынан кылмыш иши козголгонун бүгүн УКМК билдирген. 

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын август айында "Аскер-Курулуш" ишканасынын башкы директору, министрликтин каржысы башкармалыгынын жетекчиси жана министрдин орун басары даярдаган документтердин негизинде Кудайбердиевдин буйругу менен аталган компаниянын муктаждыгы үчүн министрликтин атайын эсебинен эки жылга 12 миллион сом берилген.

Президенттин Жарлыгынын негизинде министрдин милдетин аткаруу анын орун басары Замир Сүйөркуловго жүктөлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0