Президент Жогорку соттун жаңы курамына ишеним артат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун жаңы шайланган курамы менен жолугушуусу учурунда.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун жаңы шайланган курамы менен жолугушуусу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун алдында жарандардын сотко болгон ишенимин жогорулатуу, коррупцияны жоюу жана сот системасын реформалар аркылуу тазалоо милдети турганын өлкө башчысы баса белгиледи.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун жаңы шайланган курамы менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку соттун төрагалыгына Айнаш Токбаева шайланды
Атамбаев Жогорку сот Конституцияга адилет иштеп, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргойт деп ишене турганын айтты.

Ал ошондой эле, Жогорку соттун алдында жарандардын сотко болгон ишенимин жогорулатуу, коррупцияны жоюу, сот системасын реформалоо аркылуу тазалоо милдети турганын айтты.

Атамбаев Жогорку соттун жаңы шайланган башчысы Айнаш Токбаеваны кызмат орду менен куттуктады. Ал эми мурдагы жогорку сот Феруза Жамашева азыр Жогорку соттун жарандык иштер боюнча орун басары болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0